Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 26-марты № 1732-III
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Прокуратурасы жөнүндө", "Кылмыш жасоо жагынан шек саналган жана айыпталып кармалган адамдарды камоодо кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Мунапыс жана кечирим берүүнүн жалпы принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун макулдашылган вариантын биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Байболов, А.А.Бекназаров, И.А.Масалиев, А.Марипов, О.М.Артыкбаев тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Прокуратурасы жөнүндө", "Кылмыш жасоо жагынан шек саналган жана айыпталып кармалган адамдарды камоодо кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Мунапыс жана кечирим берүүнүн жалпы принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун макулдашылган варианты биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитети (И.А.Масалиев) эки жумалык мөөнөттө жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна экинчи окууда киргизсин.
Төрага | М.Султанов |