Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 26-марты № 1734-III
"Алтын кендерин иштетүунүн жана казып алуунун айрым маселелерин мыйзамдарга ылайык келтирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын алтын кендерин өздөштүрүүнүн негиздүүлүгүн жана мыйзамдуулугун парламенттик иликтөө боюнча депутаттык комиссия тарабынан демилге көтөрүлгөн "Алтын кендерин иштетүүнүн жана казып алуунун айрым маселелерин мыйзамдарга ылайык келтирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөржай, курулуш, архитектура жана менчиктештирүү маселелери боюнча комитети (А.О.Бурканов) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна экинчи окууда киргизсин.
Төрага | М.Султанов |