Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 29-марты № 1739-III
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине төмөнкү маселелер кошумча киргизилсин:
"Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорун дайындоого макулдук берүү жөнүндө";
"Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басарын дайындоого макулдук берүү жөнүндө";
"Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жөнүндө";
"Жергиликтүү соттун судьясын дайындоого макулдук берүү жөнүндө".
Төрага | М.Султанов |