КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-октябры № 4407-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 151-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2014-жылдын 27-октябрынан тартып 31-октябрын кошуп алгандагы мезгил Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөө убактысы деп эсептелсин.
Төрага | А.Жээнбеков |