Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-октябры № 4391-V
2013-жылга Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши боюнча Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши боюнча Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин жылдык отчету жөнүндө" маселени карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөндөгүлөрдү белгилейт:
2013-жылы Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан (мындан ары - КТРК) КТРКнын аудиториясын камсыз кылуу боюнча милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн бир катар иш-чаралар жүргүзүлгөн. Көз карандысыз адистерден-театр жана кино режиссерлорунан, тажрыйбалуу журналисттерден турган КТРКнын Көркөм кеңеши өз ишин баштады. Ал тарабынан бир жылдын аралыгында 35 жыйын өткөрүлдү, пландаштырылган же эфирге чыгарылган Коомдук биринчи каналдын 100дөн ашык телекөрсөтүүлөрү каралды. Телерадиоберүүнү өнүктүрүүнүн заманбап стандартына кызматкерлерди окутуу боюнча борбор түзүлгөн.
2013-жылы КТРКнын телерадио каналдарынын аудиториясын кеңейтүү, сигналдарды таркатуу түйүндөрүн өнүктүрүү, көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча тийиштүү иштер жүзөгө ашырылган. "Мин-Кыял РМ" радиостанциясынын уктуруу зонасы кеңейтилип, радиостанциялар тарабынан республиканын бүткүл аймагын сигналдар менен камтуу камсыз кылынган.
КТРКнын каналдарын сайт аркылуу көрүү үчүн маалыматтарды берүүнүн технологиясы жакшыртылган, ошондой эле Россиянын аймагында жайгашкан эл аралык сервердеги хостинг аркылуу чет мамлекеттердин сайттарына кирүү жакшыртылган.
2013-жылы жаңы телерадио каналдар ишке киргизилген. КТРКнын каражаттарынын эсебинен эфирге балдардын таанып билүүчү "Баластан" телеканалы чыгарылган. 2013-жылдын 7-октябрында он-лайн режимде "Достук" жаңы радиостанциясы ишке киргизилген. Ал этностор аралык ынтымакты бекемдөө жана өлкөдөгү маданияттын көп түрдүүлүгүн чагылдыруу максатын көздөйт.
2013-жылдын сентябрынан тартып КТРКнын Коомдук биринчи каналы Байкоочу кеңеши тарабынан жактырылган эфирге көрсөтүүлөрдүн жаңы сеткасына ылайык чыгууда. Бул сетка ар түрдүү жаңы телекөрсөтүүлөр, ошондой эле аудиториянын сунуштарына жана өтүнүчтөрүнө ылайык жаңылатылган жаңы долбоорлор жана сериалдар менен түзүлгөн. Ар түрдүү темалардагы: социалдык жана медициналык маселелер боюнча - "Ден-соолуктун сырлары", "Ой-Ордо", "Чарбакер", "Сереп", маданият темасы боюнча - "Маданият майданы", "Алтынчы күнү кечинде", "Тоолуктардын ток-шоусу", "Мага жар керек", "Сармерден", "Акыл Ордо", "Манас таануу" теле долбоорлору жүзөгө ашырылууда.
Өткөн жылы телерадио берүүлөрдө аймактык тематиканы өнүктүрүүгө басым жасалды. Буга ар кайсы областтардын турмушунан алынган жаңылыктар, сюжеттер, көйгөй маселелер арналды. Экономикалык маалыматты берүүнү жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Маселен, күн сайын эфирге "Ала-Тоо экономикасы" жаңылыктар блогу чыгарылат, "Деловой Кыргызстан" жаңы көрсөтүүсү чыгарыла баштады.
Спорттук жанрдагы берүүлөрдүн көлөмүн жана сапатын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлдү.
КТРКнын эл аралык кызматташуусу кеңейди. Буга контент алмашуу боюнча иштер да, чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары менен түздөн түз кызматташуу боюнча жигердүү иштер да, кызматкерлерди стажировкага жиберүү боюнча да иштер кирет.
КТРКнын тарыхында биринчи жолу дисктерди сатып өткөрүүдөн корпорациянын бюджетине каражат келип түшкөн.
2015-жылга каралган санариптик берүүлөргө өтүү үчүн КТРКнын техникалык каражаттарын модернизациялоонун 15 негизги багыттары, болгондо да ушул иштерди каржылоонун булактары көрсөтүлүү менен тандалып алынган. Бирок республикалык бюджеттен 128887,1 миң сомго 9 багыт каржыланган эмес; өздүк каражаттардын эсебинен 12226,3 миң сомго каржылоо менен 6 багыт боюнча иштер белгиленген мөөнөттө толук аткарылган. Ошентип, каржылоонун жетишсиздигинен улам санариптик берүүгө өтүү үчүн даярдык жетиштүү жүрбөй жатат. 2013-жылга КТРКнын бюджети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдерден (лимиттерден) жана бюджеттик жол-жоболордон чыгуу менен түзүлгөн. Корпорация социалдык чөйрөнүн бюджеттик мекемеси катары республикалык бюджеттен каржыланат, ал корпорациянын чыгашаларынын болжол менен 70 пайызын жабат. Акыркы жылдарда республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү көбөйүүдө, бирок бюджеттеги КТРКнын үлүшү жыл санап кыскарууда: республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 2010-жылы - 0,66%, 2011-жылы - 0,54%, 2012-жылы - 0,45%, 2013-жылы - 0,41% түзгөн.
2013-жылы КТРКнын жалпы консолидацияланган бюджети 557044,7 миң сомду түзгөн, анын ичинде республикалык бюджеттен келип түшүүлөр - 438852,4 миң сом, өздүк каражаттар жана гранттар - 118192,3 миң сом болгон, аларды корпорация жарнак иштеринен жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебинен иштеп тапкан.
Байкоочу кеңешинин Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши боюнча отчетунда КТРКнын 2013-жылдагы жүргүзгөн иштерин саноо менен гана чектелип калганын белгилөө зарыл. Ошол эле учурда корпорациянын ишиндеги негизги маселелерден болгон редакциялык саясат, телерадио берүүлөрдүн объективдүүлүгү, ачыктыгы жана сапаты чагылдырылган эмес. Бул багытта кандай иштер аткарылууда, кандай проблемалар жана мүчүлүштөр жолугууда. Отчетто теле көрүүчүлөр, радио угуучулар, мамлекеттик органдар, жарандык коомдор тарабынан кандай каалоолор, сунуштар, сын-пикирлер келип түшкөнү, мындай маанилүү маселелер Байкоочу кеңешинин жыйындарында кандайча каралгандыгы, талкуулангандыгы чагылдырылган эмес.
Жогорку Кеңештин жыйындарында, көрөрмандардын жана угармандардын каттарында КТРКнын иши, айрыкча айрым телекөрсөтүүлөрдө фактылардын обьективдүүлүгү жана аныктыгы жөнүндө бир катар дооматтар айтылып келет. Бирок, ал боюнча Байкоочу кеңеш тарабынан кандай чаралар көрүлгөндүгү отчетто камтылган эмес. Ушундан улам Байкоочу кеңеш тарабынан КТРКнын жылдык отчету кантип каралгандыгы түшүнүксүз, ага баа берилген эмес, аның ишиндеги кемчиликтери көрсөтүлгөн эмес. Бул отчетту караган учурда ага кош көңүл мамиле жасалгандыгын айгинелейт. Байкоочу кеңештин КТРК тарабынан түзүлгөн жылдык отчетту Жогорку Кеңешке берүү менен гана чектелгендиги байкалып турат.
"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык жылдык отчетто КТРКга толук же жарым-жартылай, тикелей же кыйыр тийиштүү бардык компаниялар же ишканалар жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш эле. Ошону менен бирге, КТРКнын курамына кирген Республикалык радиотелеборбор, Д.Садырбаев атындагы "Кыргызтелефильм" студиясы, "Биринчи канал. Кыргызстан" ЖЧК жөнүндө маалыматтар берилген эмес. Айрыкча "Биринчи канал. Кыргызстан" ЖЧК боюнча Жогорку Кеңештин айрым депутаттары тарабынан сын-пикирлер айтылган эле.
Мыйзамга ылайык Байкоочу кеңеш жана Башкы директор гана корпорациянын башкаруучу органы болуп саналат. Башкы директор Байкоочу кеңешке отчет берет. Бирок Башкы директордун отчету жөнүндө эч кандай маалымат отчетто камтылбаган. "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөн өздөрүнүн негизги иш-милдеттерин аткаруу боюнча Байкоочу кеңеш кандай иштерди аткаргандыгы жөнүндө да эч нерсе айтылган эмес.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 162-беренесине ылайык байкоочу кеңешти "ишке көзөмөл жүргүзүүчү" орган катары түзүү уюштуруу-укуктук формасы жагынан "коомдук фонд" катары түзүлгөн юридикалык жактарга гана каралган. Ал эми башка уюштуруучулук-укуктук формадагы юридикалык жактар - ЖЧК, ААК, ЖАК жана мамлекеттик мекемелер ж.б.у.с. үчүн мындай талап Граждандык кодексте каралган эмес.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши жөнүндө КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчету эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- мамлекеттик мекемелердин ишине көзөмөлдүк жүргүзүүчү орган катары Байкоочу Кеңешти түзүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам чыгаруу демилгесин киргизсин;
- санариптик телерадиоберүүгө өтүүгө байланыштуу республикалык бюджеттен жетиштүү каражат бөлүү маселесин карасын.
3. КТРКнын Байкоочу кеңеши:
- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши боюнча жылдык отчетту даярдоону жана кароону "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык гана жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын КТРКнын редакциялык саясатын жакшыртуу, телерадиоберүүлөрдүн ар тараптуулугун, обьективдүүлүгүн жана сапаттуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
|
| |
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров
| |