Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-ноябры № 4431-V
Айрым жеке ишканалардын иштерине Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Т.Сарпашевдин катыштыгы бар экендигине тийиштүү "Дело №" газетасындагы маалыматты иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө
Айрым жеке ишканалардын иштерине Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Т.Д.Сарпашевдин катыштыгы бар экендигине тийиштүү "Дело №" газетасындагы маалыматты иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 3624-V токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнүн маалыматтарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ушул маселе боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри:
колдонуудагы мыйзамдарга ылайык вице-премьер-министр Т.Д.Сарпашевдин жоопкерчилиги тууралуу маселени карасын;
республиканын калкын каттоонун Бирдиктүү базасын түзүү боюнча ишти тездетсин, аны киргизбей туруп "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамдын айрым жоболорун жүзөгө ашыруу кыйындайт;
кабыл алынган чаралар жөнүндө бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына бир айлык мөөнөттө төмөндөгүлөр сунуш кылынсын:
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Т.Д.Сарпашевдин аракеттерине юридикалык баа берсин;
убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусуна № 12 тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитордук текшерүүсүнүн актыларынын жыйынтыктары боюнча белгилүү болгон бузууларды иликтесин жана юридикалык баа берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Т.Д.Сарпашевдин 2012 жана 2013-жылдар үчүн кирешелери, мүлктөрү жана милдеттенмелери жөнүндө декларацияларына толук талдоо жүргүзүү, анын жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасын тартуу менен ведомстволор аралык комиссияда кароо сунуш кылынсын. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттөн кеч эмес жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
5. Кыргыз Республикасынын МУККнын Коррупцияга каршы кызматы 2013-жылдагы кошумча нарк салыгы боюнча "Градиент" ЖЧК тарабынан салыктык эсептердин жүргүзүлүшүнүн мыйзамдуулугун карасын.
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик сот экспертиза борборуна келип түшкөн соттук курулуш-техникалык жана соттук-экономикалык экспертизаларды дайындоо боюнча материалдардын кезекте туруу убактысын кыскартуу боюнча ишти күчөтсүн;
2 айлык мөөнөттө кабыл алынган чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
7. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, убактылуу депутаттык комиссиялардын суроо-талаптары боюнча КМШ өлкөлөрүнүн аймагында жана алыскы чет өлкөлөрдө республиканын мамлекеттик кызматчыларынын жарандыгынын жана мүлктөрүнүн бар экендиги жөнүндө маалыматтарды ыкчам алмашуунун механизмин иштеп чыгууну карасын жана сунуштарын киргизсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетине (К.С.Бокоев) жана Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине (Н.В.Никитенко) жүктөлсүн.
|
| |
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров
| |