Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-октябры № 4415-V
"Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору демилгечилерге – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И. Бакировго, А.М. Режавалиевге, А.Ш. Султановго жана Б.Э. Төрөбаевга жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети (С.Н. Нышанов) депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жогоруда аталган Мыйзамдын долбоорлорун демилгечилери менен бирдикте жеткире иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков | ||
|
| ||
|
|
| |