КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 2-апрели № 1768-III
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-февралындагы № 55 токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарында жайгашкан калктуу конуштарынын тизмеги жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-февралындагы № 55 токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарында жайгашкан калктуу конуштарынын тизмегин бир айлык мөөнөттө депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен тактоо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бийик тоолуу, алыскы региондордун жана климаттык шарттары оор райондордун маселелери боюнча комиссиясына (С.К.Нышанов) жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |