Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 3-апрели № 1769-III
2007-жылга Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча эмгек миграциясына квота бекитүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1990-III токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2007-жылга Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эң көп санын аныктоочу эмгек миграциясына квота тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
- чет өлкөлүк кызматкерлер жана ишкерлер үчүн иштөөгө уруксат берүүнү ушул токтомдун тиркемесине ылайык жүзөгө ашырсын;
- чет өлкөлүк жеке ишкерлер үчүн патенттердин наркын айына 100 миң сомго чейин көбөйтүү жөнүндө маселени карасын;
- жумушчу күчүн тартууга квотаны аныктоодо ишканаларда кеминде 80 пайыз Кыргыз Республикасынын жарандарын тартууну карасын.
(КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1990-III токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетине экономиканын тармактары жана региондор боюнча квотаны Кыргыз Республикасы боюнча бекитилген квотанын 20 пайызынын чегинде кайра бөлүштүрүү укугу берилсин.
(КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1990-III токтомунун редакциясына ылайык)
4. Демейки визалардын колдонуу мөөнөтүн чектөө жана бир жолу узартуу укугу бар визаларды берүүнү жана узартууну тартипке келтирүү жөнүндө маселени кароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык саясат боюнча комитетине (Н.Т.Абдылдаев), Эмгек жана миграция саясаты боюнча комитетине (У.З.Ормонов), Укук тартиби жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетине (X.3.Коркмазов) жана Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине (Р.Б.Тагаев) тапшырылсын.
Төрага | М. Султанов |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 3-апрелиндеги № 1769-III токтомуна тиркеме |
┌──┬─────────┬─────────────────────────────────────────┬──────┬───────┐
│№ │Региондор│ Экономиканын тармактары боюнча │Жеке │Жыйын- │
│ │ │ кесиптердин (иш) топтору (адам) │ишкер-│тыгы │
│ │ ├──────┬──────┬──────┬──────┬──────┬──────┤дик иш│ │
│ │ │Өнөр- │Айыл │Транс-│Соода,│Сала- │Кре- │ │ │
│ │ │жай │жана │порт, │коом- │маттык│дит │ │ │
│ │ │жана │токой │байла-│дук │сак- │бе- │ │ │
│ │ │куру- │чарба-│ныш │тамак-│тоо, │рүү, │ │ │
│ │ │луш │сы │жана │тануу │билим │камсыз│ │ │
│ │ │ │ │геоло-│жана │бе- │данды-│ │ │
│ │ │ │ │гия │башка │рүү, │руу │ │ │
│ │ │ │ │ │финан-│илим, │жана │ │ │
│ │ │ │ │ │сы- │мада- │башка │ │ │
│ │ │ │ │ │эконо-│ният, │тар- │ │ │
│ │ │ │ │ │микал-│искус-│мактар│ │ │
│ │ │ │ │ │ык иш │ство │ │ │ │
├──┼─────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┤
│1 │Баткен │110 │7 │30 │10 │23 │3 │18 │201 │
│ │областы │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┤
│2 │Жалалабат│25 │23 │53 │6 │36 │5 │12 │160 │
│ │областы │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┤
│3 │Ысыккөл │33 │29 │3 │10 │10 │7 │10 │102 │
│ │областы │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┤
│4 │Нарын │10 │3 │2 │5 │6 │4 │9 │39 │
│ │областы │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┤
│5 │Ош │109 │20 │33 │5 │12 │1 │885 │1065 │
│ │областы │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┤
│6 │Талас │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │областы │61 │8 │2 │6 │14 │2 │10 │103 │
├──┼─────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┤
│7 │Чүй │99 │17 │7 │3 │19 │7 │20 │172 │
│ │областы │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┤
│8 │Бишкек ш.│307 │10 │50 │415 │346 │32 │1217 │2377 │
├──┼─────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┤
│9 │Ош ш. │12 │4 │5 │7 │17 │4 │90 │139 │
├──┼─────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┤
│10│Кыргыз │766 │121 │185 │467 │483 │65 │2271 │4358 │
│ │Республи-│ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │касы │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │боюнча │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │жыйынтыгы│ │ │ │ │ │ │ │ │
└──┴─────────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴──────┴───────┘