Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 3-апрели № 1770-III
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине кошумча маселе киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан 2007-жылдын 28-февралында № 20-07 менен катталган Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин жана Кыргыз Республикасынын финансы министринин аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга ай сайын берилүүчү бирдиктүү жөлөкпул дайындоодо үй-бүлөнүн (жарандардын) жыйынды кирешесин аныктоо үчүн бааларды индекстештирүүнү эске алуу менен 2005-жылдагы айыл чарба ишинин жыйынтыктары боюнча жер үлүштөрүнөн жана короо алдындагы участоктордон алынган кирешелердин ченемдерин бекитүү жөнүндө биргелешкен буйругун жокко чыгаруу тууралу" маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине кошумча киргизилсин.
Төрага | М. Султанов |