Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 3-апрели № 1771-III
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан 2007-жылдын 28-февралында № 20-07 менен катталган Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин жана Кыргыз Республикасынын финансы министринин аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга ай сайын берилүүчү бирдиктүү жөлөкпул дайындоодо үй-бүлөнүн (жарандардын) жыйынды кирешесин аныктоо үчүн бааларды индекстештирүүнү эске алуу менен 2005-жылдагы айыл чарба ишинин жыйынтыктары боюнча жер үлүштөрүнөн жана короо алдындагы участоктордон алынган кирешелердин ченемдерин бекитүү жөнүндө биргелешкен буйругун жокко чыгаруу тууралу
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан 2007-жылдын 28-февралында № 20-07 менен катталган Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин жана Кыргыз Республикасынын финансы министринин аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга ай сайын берилүүчү бирдиктүү жөлөкпул дайындоодо үй-бүлөнүн (жарандардын) жыйынды кирешесин аныктоо үчүн бааларды индекстештирүүнү эске алуу менен 2005-жылдагы айыл чарба ишинин жыйынтыктары боюнча жер үлүштөрүнөн жана короо алдындагы участоктордон алынган кирешелердин ченемдерин бекитү
жөнүндө биргелешкен буйругу жарандардын (үй-бүлөнүн) иш жүзүндөгү кирешелеринин ылайык келбегендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан 2007-жылдын 28-февралында № 20-07 менен катталган Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин жана Кыргыз Республикасынын финансы министринин аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга ай сайын берилүүчү бирдиктүү жөлөкпул дайындоодо үй-бүлөнүн (жарандардын) жыйынды кирешесин аныктоо үчүн бааларды индекстештирүүнү эске алуу менен 2005-жылдагы айыл чарба ишинин жыйынтыктары боюнча жер үлүштөрүнөн жана короо алдындагы участоктордон алынган кирешелердин ченемдерин бекитүү жөнүндө биргелешкен буйругун эн кыска мөөнөттө жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Т.Д.Сарпашевге жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |