Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-ноябры № 4485-V
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63 - беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөндөгү курамда макулдашуу тобу түзүлсүн:
1) Н.В.Никитенко - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин төрагасы;
2) А.Г.Бекматов - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин төрагасынын орун басары;
3) А.О.Кутушев - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин төрагасынын орун басары;
4) М.Ю.Абдылдаев - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин мүчөсү;
5) Э.А.Кочкарова - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин мүчөсү;
6) М.А.Расулов - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин мүчөсү;
7) Б.Э.Төрөбаев - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин мүчөсү;
8) Ч.А.Турсунбеков - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин мүчөсү;
9) М.И.Бакиров - Жогорку Кеңештин депутаты, демилгечилердин бири;
10) М.Абдылдаев - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү.
2. Макулдашуу тобу ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып 30 календардык күндөн кеч эмес жогоруда аталган мыйзамдын макулдашылган вариантын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун 2-пунктунда каралган мөөнөттө жогоруда аталган Мыйзамдын макулдашылган варианты Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилбеген учурда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ушул токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтомдун 2-пунктунда каралган мөөнөттө аталган Мыйзамдын макулдашылган варианты киргизилбеген учурда, жооптуу комитет "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 же 2-пункттарында белгиленген чечимдердин бир вариантын Жогорку Кеңешке сунуш кылсын.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
|
|
|
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров
|
|
| |
|
| |
|
| |