Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-ноябры № 4486-V
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", ''Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63 - беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөнкү курамдагы макулдашуу тобу түзүлсүн:
1) Н.В.Никитенко - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин төрагасы;
2) А.Г.Бекматов - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин төрагасынын орун басары;
3) А.О.Кутушев - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин төрагасынын орун басары;
4) М.Ю.Абдылдаев - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин мүчөсү;
5) Э.А.Кочкарова - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин мүчөсү;
6) М.А.Расулов - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин мүчөсү;
7) Б.Э.Төрөбаев - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин мүчөсү;
8) Ч.А.Турсунбеков - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин мүчөсү;
9) М.Абдылдаев - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Ыйгарым укуктуу өкүлү;
10) A.Н.Шыкмаматов - Кыргыз Республикасынын юстиция министри.
2. Макулдашуу тобу 30 календардык күндөн кеч эмес жогоруда аталган мыйзамдын макулдашылган вариантын жана ага түзөтүүлөрдүн таблицасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров
|
|
| |
|
| |
|
| |