Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 17-апрели № 1777-III
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратына курал менен кирүүгө тыюу салуу жөнүндө
Казакстан Республикасынын Президенти Н.А.Назарбаевдин алдыда Кыргыз Республикасына иш сапары менен келишине жана 2007-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде пландаштырылган сөз сүйлөөсүнө байланыштуу жана депутаттардын, Аппарат менен Иш башкармасынын кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттарга, алардын жардамчыларына, консультанттарына, жансакчыларына, ошондой эле курал алып жүрүүгө уруксаты бар башка адамдарга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратына курал менен кирүүгө тыюу салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызмат департаментинин милиция полкунун командири (Т.К.Исаев) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратынын ичинде жана ага жанаша жаткан аймакта коопсуздукту камсыз кылсын, ошондой эле имараттын ичинде тышкары адамдардын жүрүшүн болтурбасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары К.С.Исабековго жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |