Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 17-апрели № 1779-III
2007-жылдын 14-апрелинде орун алган жаңжалдын жагдайларын аныктоо боюнча депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды, ошондой эле "Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн" бириккен фронту" кыймылы тарабынан уюштурулган митингдин жүрүшүндө 2007-жылдын 14-апрелинде болуп өткөн жаңжалды талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Митингдин жүрүшүндө орун алган жаңжалдын жагдайларын аныктоо үчүн депутаттык комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:
1. Р.С.Мамыров ("Эл менен" депутаттык тобу);
2. З.И.Жамалдинов ("Мекен" депутаттык тобу);
3. Д.А.Өскөмбаев ("Биримдик" депутаттык тобу);
4. С.Н.Жапаров ("Келечек" депутаттык тобу);
5. М.К.Жураев ("Ак жол" депутаттык тобу);
6. А.Матубраимов (депутаттык топторго кирбеген депутаттардан);
7. К.А.Батыров ("Кыргызстан" депутаттык тобу);
8. макулдашуу боюнча ("Эл биримдиги" депутаттык тобу);
9. макулдашуу боюнча ("Жибек жолу" депутаттык тобу) 10 макулдашуу боюнча ("Ата Мекен" социалисттик партиясы фракциясы).
2. Жаңжалга тиешеси бар адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселени кароо Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана Ички иштер министрлигине тапшырылсын.
3. Башкы прокуратура жана Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаарындагы мөөнөтсүз митингдин катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы жөнүндө маселени карасын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |