Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-ноябры № 4438-V
Улуу ойчул, илимпоз, акын Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы жөнүндө
Улуу ойчул Жусуп Баласагын менен кыргыз эли гана эмес, ошондой эле бүткүл түрк дуйнөсү сыймыктанат. Анын мааниси боюнча терең жана формасы боюнча айкын атактуу "Куттуу билим" ("Кутадгу билиг") китеби бүткүл түрк элдеринин улуу адабий эстелиги болуп саналат. "Араб, тажик тилдеринде китептер көп, бул - биздин тилдеги алгачкы китеп" деп жазган биздин атактуу жердешибиз.
("Кутадгу билиг") - түрк тилиндеги биринчи энциклопедиялык чыгарма. Илимпоз, философ, теолог жана коомдук ишмер болуп саналган автор жалпы философиялык, теологиялык, коомдук, социалдык, адеп-ахлактык - этикалык жана эстетикалык маселелерди көтөрүү менен табигый жана гуманитардык илимдердин көптөгөн аспектилерин камтыган.
Чыгарма Караханид мамлекетинин коомдук-саясий, маданий жактан гулдөп өнүккөн доорунда, XI кылымда жазылган. Ошондой болсо да бүгүнкү XXI кылымда ал чыгарма өзүнүн идеялык - көркөмдүк, коомдук - саясий маанисин жана актуалдуулугун толук түрдө сактап келүүдө. "Куттуу билим" биз үчүн баа жеткис руханий мурас болуп саналат. Аны сактоо, ыйык тутуу биздин улуттук милдетибиз болууга тийиш.
Баласагын орго кылымдагы Караханид каганатынын борбору болуу менен Борбордук Азиядагы гүлдөгөн шаарлардын бири болгондугу белгилүү. Бизге жеткен булактарга ылайык, Жусуп Баласагын ушул шаарда 1015-1016-жылдары төрөлүп, бизге белгилүү жана али белгисиз болгон өзүнүн көптөгөн чыгармаларын жазган. Эгерде ушул датага таянсак, айда 2015-жылы биздин жердешибиз Жусуп Баласагындын туулгандыгына 1000 жил толот. Бул дацазалуу дата Кыргызстандын бүткүл эли үчүп өтө . маанилүү жана жаркын улуттук-маданий, коомдук окуя болууга тийиш.
Анын адабий-маданий, руханий мурастары мектептерде жана жогорку окуу жайларында окутулуп, калкыбыздын арасында кеңири жайылтылышы маанилүү. Жусуп Баласагын жашап өткөн доорду иликтөө азыркы коомубузда болуп жаткан процесстерди терең аңдай билүү максатында анын мурастарынын терең катмарын иликтөө зарыл.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
Улуу ойчул, илимпоз, акын Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына даярдануу жана өткөрүү боюнча мамлекеттик уюштуруу комиссиясын түзсүн, тийиштүү программаны, иш-чараларды иштеп чыксын жана кабыл алсын, аларда төмөндөгү маселелер чагылдырылсын:
-Жусуп Баласагындын чыгармаларын улуттук жетишкендик катары таануу;
-Жусуп Баласагындын мурастарын иликтөө кеңири жайылтуу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу аны мектептерде жана жогорку окуу жайларында окутуу;
-"Куттуу билим" ("Кутадгу билиг") чыгармасын кайра басып чыгаруу жана аны башка чет элдик тилдерге которуу;
-Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Чүй областынын Чүй районунда биздин улуу жердешибиздин доорун, турмуштук жана чыгармачылык жолун чагылдырган тарыхый-адабий борборду түзүү;
-Жусуп Баласагындын чыгармачылыгына арналган жыл сайын адабий окууларды өткөрүү;
-Улуу акындын, илимпоздун жана ойчулдун өмүрү, ишмердиги жана чыгармачылык жолу жөнүндө толук метраждуу көркөм фильмди жаратуу;
-адабият, философия жана мамлекеттик түзүлүш жаатында Жусуп Баласагын атындагы эл аралык сыйлыкты уюштуруу;
-Бишкек шаарынын жана республиканын башка шаарларынын бир көчөсүнө Жусуп Баласагындын атын ыйгаруу.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К. Осмоналиев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков |