Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 19-апрели № 1807-III
Жалалабат областынын Аксы районунда, Талас областынын Манас районунда сел жүрүүнүн, ошондой эле Ош областынын Өзгөн, Каракулжа жана Ноокат райондорунда "Шорсуу", "Ловчий", "Старый монол" жана "Кожоарык" каналдарынын бузулушунун кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис чаралар көрүү жөнүндө
2007-жылдын 14-апрелинен 15ине караган түнү тынбай жааган жамгырдын натыйжасында Жалалабат областынын Аксы районунда сел жүргөн. Карасуу айыл өкмөтүнүн Жүзүмжан участогунда 14 короо-жайды суу каптап, анын ичинде 1 үй толугу менен бузулуп, 3 автомашина сууга агып кеткен. Сел агызып келген топурак-таш Жүзүмжан участогунун ички чарбалык жолдорун бөгөп калган. Каражыгач айыл өкмөтүнүн Чарбак айылында 126 короо-жайды суу каптап, 6 турак үй жабыр тарткан жана мындан ары жашоо үчүн керектен чыккан, 1 автомашина агып кетип, Каражыгач-Сарычелек автожолу автотранспорттун өтүүсү үчүн жабылып калган. Карасуу жана Каражыгач айыл өкмөттөрү боюнча бардыгы 157 баш кой-эчки жана 26 баш кара мал селге агып кеткен.
2007-жылдын 15-апрелинде Талас областындагы Манас районунун Арал жана Кайыңды калктуу конуштарында Чоңкайыңды жана Кичикайыңды сууларынын нугу боюнча сел жүрүп, анын натыйжасында Арал айылында 4 көпүрө бузулган жана зыян тарткан, ошондой эле 20 турак үйдүн бузулушунун коркунучу бар. 3 короо-жайды суу алып кетип, узундугу 50 метр участокто дамбаны калыбына келтирүү талап кылынат. Кайыңды айылында Кайыңды суусундагы 2 көпүрө бузулган. 10 турак үйдүн, суу куурларынын, мончонун, клубдун бузулуу коркунучу бар. Тараз-Покровка-Кайыңды автожолунун 25-километринде узундугу 20 метр жол четин суу алып кеткен.
2007-жылдын 17-апрелинде Ош областындагы Өзгөн районунун Куршаб жана Мырзаке айылдарында, Каракулжа районунун Каракочкор айыл өкмөтүнүн Нура участогунда жана Ноокат районунун Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарында тынбай жааган жамгырдын натыйжасында "Шорсуу", "Ловчий", "Старый монол" жана "Кожоарык" каналдары бузулган. Мунун натыйжасында Куршаб айылында 94 турак үйдү, 3 орто мектепти, балдар бакчасын суу каптап, киши өтүүчү 2 жана автомобиль өтүүчү 2 көпүрөнү ылай басып калган, ошондой эле 50 метр суу куур тармагы бузулган. Мырзаке айылында жана Каракочкор айыл өкмөтүнүн Нура участогунда тиешелүүлүгүнө жараша 25 жана 18 турак үйдү суу каптап, ошондой эле Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын тургундарына материалдык зыян келтирилген.
Жалалабат областындагы Аксы районунун Карасуу жана Каражыгач айыл өкмөттөрүнүн, Талас областындагы Манас районунун Арал жана Кайыңды айылдарынын тургундарына, ошондой эле Ош областындагы Каракулжа районунун Каракочкор айыл өкмөтүнүн Нура участогунда жана Ноокат районунун Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарында жашаган тургундарга келтирилген материалдык зыянды эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:
- жогоруда көрсөтүлгөн калктуу конуштардын тургундарына бардык зарыл болгон материалдык, финансылык, социалдык жана башка жардам көрсөтүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү;
- көрүлгөн чаралар жөнүндө бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдоо тапшырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасы Талас областындагы Манас районунун, Ош областындагы Өзгөн, Каракулжа жана Ноокат райондорунун табигый кырсыктан жабыр тарткан тургундарына жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын бир күндүк эмгек акысын которсун.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өзгөчө кырдаалдар, токой чарбасы жана экология боюнча комитетине (А.С.Арстанбеков) жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |