Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 19-апрели № 1808-III
Саясий ачкачылыктын катышуучусу жаран Б.Акуновдун өлүмүнүн фактысы жөнүндө
№ 33 Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Самаковдун Нарын районунун Ортонура айылынын тургуну, саясий ачкачылыктын катышуучусу Бектемир Акуновдун Нарын шаарынын ИИБсынын убактылуу кармоо изоляторунда өлүшүнүн фактысы боюнча маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана Нарын областтык Ички иштер органдарынын мыйзамсыз аракеттеринин айынан саясий ачкачылыктын катышуучусу жаран Б.Акунов Нарын шаарынын ИИБсынын убактылуу кармоо изоляторуна негизсиз камалгандыгы, ал ошол жерде өлгөндүгү белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине:
- жаран Б.Акуновдун өлүмүнүн фактысын иликтөөнү Кыргыз Республикасынын тиешелүү укук коргоо органдарына тапшыруу жана өзгөчө контролго алуу;
- мамлекеттик администрациянын башчысы - Кыргыз Республикасынын Нарын областынын губернатору Ж.К.Азыловду жаран Б.Акуновдун өлүмүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотуу өтүнүлсүн.
3. Баш ийген кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери үчүн Нарын областынын ИИБсынын начальниги С.У.Курманалиевди жана Нарын шаарынын ИИБсынын начальниги Т.М.Нуралиевди ээлеген кызматтарынан бошотуу Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Б.Б.Ногойбаевге тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |