Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-ноябры № 4484-V
"Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Ө.Ч.Текебаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети (К.С.Бокоев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров |