Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 20-апрели № 1810-III
2007-жылдын 20-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышын чагылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Бишкек шаарындагы 2007-жылдын 19-апрелиндеги болуп өткөн окуялар жөнүндө" маселени кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 20-апрелиндеги жыйналышын толук көлөмдө мамлекеттик телекөрсөтүү боюнча чагылдырууну Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (К.С.Молдокасымов) камсыз кылсын.
Төрага | М.Султанов |