Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 20-апрели № 1811-III
Бишкек шаарындагы 2007-жылдын 19-апрелиндеги окуялар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Э.Р.Сатыбалдиевдин, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Б.Б.Ногойбаевдин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы М.А.Суталиновдун Бишкек шаарынын "Алатоо" аянтындагы 2007-жылдын 19-апрелиндеги окуялар жөнүндө маалыматтары эске алынсын.
2. Тартипсиздиктердин уюштуруучуларын токтоосуз иликтөө, табуу жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги Бишкек шаарында жана республиканын башка региондорунда коомдук тартиптин сакталышын камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- митинг күндөрүндө Бишкек шаарында коомдук тартиптин сакталышын камсыз кылган ички иштер органдарынын кызматкерлерине сыйакы төлөөгө кошумча каражаттарды республикалык бюджеттен бөлүп берүү жөнүндө маселени бир айлык мөөнөттө чечсин;
- жарандарга келтирилген материалдык зыяндын ордун митингди уюштуруучулардын каражаттарынын эсебинен толтурсун.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитетине (И.А.Масалиев), Укук тартиби жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетине (Х.З.Коркмазов) жана Бюджет жана каржы боюнча комитетине (А.К.Келдибеков) жүктөлсүн.
Төрага | М.Султанов |