Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-ноябры № 4518-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик желөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.С.Бокоев, Д.А.Ниязалиева жана Н.А.Нарматова тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсан.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорунда каралган жоболорду эске алуу менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн социалдык төлөмдөрдү берүүнүн тартибин кайра түзүүнү тездетсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине (Д.А.Ниязалиева) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров |