Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-ноябры № 4519-V
Композитор, Кыргыз ССРинин эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Ж.Шералиевдин 100 жылдык юбилейин өткөрүү жөнүндө
Ж.Шералиев атындагы Эл аралык фондунун кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөндөгүлөрдү белгилейт.
2015-жылы композитор, Кыргыз ССРинин эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Ж.Шералиевдин туулган күнүнө 100 жыл толот. Ж.Шералиев кыргыз улуттук маданияты менен искусствосунун өнүгүүсүнө зор салым кошкон. Ал - 700дөн ашык музыкалык чыгармалардын жана обондордун автору. Анын ырлары эл арасында кеңири белгилүү. Улуу композитордун 100 жылдык юбилейин майрамдоо анын музыкалык мурастарын кеңири даңазалоо жана эл чыгармачылыгын өнүктүрүү үчүн өбөлгө катары кызмат кылат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
2015-жылы Ж.Шералиевдин 100 жылдык юбилейин өткөрүү боюнча комиссия түзсүн жана тийиштүү чараларды кабыл алсын;
иш-чараларды иштеп чыгууда жана комиссиянын курамын бекитүүдө Ж.Шералиев атындагы Эл аралык фондунун сунушун эске алсын;
кабыл алынган чаралар жөнүндө 2014-жылдын 25-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров |