Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-декабры № 4546-V
"Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 30-сентябрындагы № 561 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору төмөндөгүдөй негизги параметрлери менен биринчи окууда кабыл алышсын:
ИДПга карата 25,7 пайыз салыштырма салмагы менен 100042752,8 миң сом жалпы суммасында республикалык бюджеттин кирешелери;
ИДПга карата 29,8 пайыз салыштырма салмагы менен 115673696,9 миң сом жалпы суммасында республикалык бюджеттин чыгашалары;
ИДПга карата 4,0 пайыз салыштырма салмагы менен 15630944,1 миң сом суммасында Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- республикалык бюджетке күтүлүп жаткан кредиттик жана гранттык каражаттардын түшүүсүн тактасын жана 2014-жылга республикалык бюджеттин акыркы негизги параметрлерин экинчи окууга киргизсин;
- Ысык-Көл областында 2014-жылдын 14-ноябрында болуп өткөн жер титирөөдөн жабыр тарткандардын чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн каражаттарды карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы корголгон беренелерге кирген аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына 433,4 миллион сом жөлөк пулдарды төлөө боюнча чыгашаларды кыскартуунун укукка ылайыктуулугуна жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин административдик жана башка чыгашаларын 170,1 миллион сомго жогорулатуусуна аудит жүргүзсүн.
4. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбооруна анын негиздемеси менен бирге өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн 10 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети (К.С.Дыйканбаев) жазуу жүзүндө келип түшкөн сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экинчи окууда кароого киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков |