Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-декабры № 4607-V
Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер С.Ибраимовду "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгарууга көрсөтүү жөнүндө
Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовду "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгарууга көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Иманалиев, К.Осмоналиев жана башка депутаттардын кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөндөгүлөрдү белгилейт:
Белгилүү мамлекеттик ишмер Султан Ибраимов республиканын социалдык-экономикалык жана маданий жактан өнүгүшүнө зор салым кошкон көрүнүктүү инсандардын бири. Ал Кыргыз ССРинин суу чарба жана мелиорация министри, компартиянын Ош обкомунун биринчи секретары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Төрагасы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин Төрагасы болуп үзүрлүү иштеген. Ал жетекчилик кылган жылдары республика экономикалык-социалдык жана маданий жактан туруктуу өнүгүүгө ээ болгон.
Анын түздөн түз катышуусу жана жетекчилиги менен Төмөнкү Ала-Арча, Жогорку Ала-Арча, Киров, Папан, Токтогул жана Күрп-Сай суу сактагычтары курулган. Кемпир-Абад, Нарын гидрокаскаддары долбоорлонгон жана курулушу башталган. Анын уюштуруучулук жана жетекчилик зор таланты, жигердүү ишмердүүлүгү дээрлик он жыл бою Ош облусун жетектеген учурда анык көрүнгөн. Областта көптөгөн социалдык-маданий объектилер курулган, миңдеген гектар айдоо аянттары өздөштүрүлгөн, ири өнөр жай ишканалары пайдаланууга берилген.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Төрагасы катары да республиканын социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүшүнө зор салым кошкон. Ал мамлекет үчүн ак кызмат өтөгөн, бүт күч кубатын, өмүрүн калктын жыргалчылыгына арнаган жетекчи катары элдин эсинде калды.
Ал бир нече жолу СССР Жогорку Советинин, Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты, СССР Жогорку Советинин Президиумунун Төрагасынын орун басары болуп шайланган.
Мамлекеттик жетекчилик кызматтарда узак жылдар бою жемиштүү иштегендиги үчүн Ленин, Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовдун республиканын социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүшүнө кошкон зор салымын, мамлекетке жана элге сиңирген эмгегин эске алып, аны "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгарууга көрсөтүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын кайрылуусу колдоого алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинен "Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер С.Ибраимовду "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгарууга көрсөтүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун колдоо суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков |