КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-декабры № 4616-V
"2014-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарын жол-эксплуатациялык техника менен жабдуу долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 26-ноябрындагы № 676 токтому) "2014-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарын жол-эксплуатациялык техника менен жабдуу долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А.Жээнбеков |