Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-декабры № 4619-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө", "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 4-июнундагы № 371 токтому) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө", "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети (К.С.Бокоев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков |