Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-декабры № 4651-V
Алымбек датка Асан бий уулунун 215 жылдык юбилейи жөнүндө
2015-жылы Кыргызстандын тарыхында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Алымбек датка Асан бий уулунун туулган күнүнө 215 жыл толот.
"Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин биринчи абзацын жетекчиликке алуу менен, мамлекеттин жана элдин алдында көрсөткөн эң ири жеке кызматын, Ата мекенине ак дилден кызмат өтөөнүн үлгүсүн көрсөткөндүгүн, коомдук иштерде бийик жарандык позициясын, көз карандысыз кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө кошкон салымын эске алып, муундардын тарыхый элестерин сактоо жана кыргыз элинин даңктуу уулу Алымбек датка Асан бий уулунун элесин түбөлүккө калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
Алымбек датка Асан бий уулунун 215 жылдык юбилейин өткөрүүнү 2015-жылдагы юбилейлик иш-чаралардын тизмегине киргизсин;
Алымбек датка Асан бий уулунун 215 жылдык юбилейин өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссияны түзсүн, иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана 2015-жылдагы республикалык бюджетте тийиштүү финансылык каражаттарды карасын;
Алымбек датка Асан бий уулунун өмүрү жана ишмердиги жөнүндө теле-, радио берүүлөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарында материалдарды жарыялоону уюштурсун;
кабыл алынган чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2015-жылдын 15-февралына чейин маалымдасын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Алымбек датка Асан бий уулунун 215 жылдык юбилей-мааракесин өткөрүү боюнча иш-чараларды уюштуруу тууралуу тапшырма берүү сунуш кылынсын.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине (Н.В.Никитенко) жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков |