Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-декабры № 4650-V
СССРдин эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Б.Миңжылкиевдин мемориалдык айкелин орнотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши СССРдин эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Б.Миңжылкиевдин мемориалдык айкелин орнотуу жөнүндө маселени карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт.
2015-жылы Булат Миңжылкиевдин туулган күнүнө 75 жыл толот.
Б.Миңжылкиев - өзүнүн кайталангыс жагымдуу үнү менен миллиондогон сүйүүчүлөрдүн алкоосуна арзыган дүйнө жүзүнө белгилүү опера ырчысы. Анын чыгармачылык өмүр баянында Кыргыз Академиялык опера жана балет театрынын, ошондой эле дүйнөнүн көптөгөн башка өлкөлөрүнүн сценаларында ойногон жүздөн ашык ролдору бар. Анын ысымы кыргыз улуттук жана дүйнөлүк опера искусствосунун тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калган.
Анын опера искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы мамлекет тарабынан жогору бааланган. СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти деген наамдар ыйгарылган, бир нече ордендер жана медалдар менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган. 1992-жылдан өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин Санкт-Петербург шаарындагы Мариин театрында солист болуп эмгектенген.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз маданиятынын жана опера искусствосунун өнүгүшүнө кошкон зор салымын эске алып, СССРдин эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Булат Миңжылкиевдин мемориалдык айкелин Санкт-Петербург шаарындагы Мариин театрында орнотуу жөнүндө сунуш колдоого алынсын.
2. Мемориалдык айкелди орнотуу үчүн каражат Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын фондусунан бөлүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков |