КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-январы № 4687-V
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованы кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 8-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 25-пунктун жана 125-беренесинин 4-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин сунуштамасын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Салянова Аида Жеңишбековнаны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жээнбеков |