Редакцияот 14.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 14-январы № 4663-V

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттериннн курамдарын бекитүү жөнундө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

КСДП парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат Касымбеков Нурбек Айтыевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин курамына киргизилсин.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А.Жээнбеков