Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 27-апрели № 1840-III
2006-2007-жылдарда республиканын табигый кырсыктардын
натыйжасында жабыр тарткан региондорундагы калкка
жардам көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан айкын чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу
Нарын, Ысыккөл жана Баткен областтарында болуп өткөн жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча көрүлгөн чаралар, ошондой эле Жалалабат областынын Аксы, Сузак, Базаркоргон райондорунда, Майлуусуу шаарында, Талас областынын Манас районунда, Ош областынын Өзгөн, Каракулжа, Алай жана Ноокат райондорунда, Нарын областынын Жумгал районунда сел жүрүүнүн, жеркөчкүнүн жана каналдардын бузулушунун кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүнү белгилейт.
2004-2005-жылдарда, 2006-жылдын декабрында жана 2007-жылдын январында республиканын аймагында болуп өткөн жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлгөн чараларга карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши мурда кабыл алган токтомдорго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго белгиленген токтомдордун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жума сайын жана ай сайын маалымдап туруу тапшырылган. Бирок, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир нече жолку эскертүүлөрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү да, бир да министрлик ушул кезге чейин тиешелүү маалымат берген жок.
Жогоруда айтылгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2006-2007-жылдарда республиканын табигый кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан региондорундагы калкка жардам көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы эске алынсын.
2. 2006-2007-жылдарда республиканын табигый кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан региондорундагы калкка жардам көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жетишсиз деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларды жоюу үчүн арналып, республикалык бюджеттин атайын эсебине которулуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүүнү бекитүүдө Өзгөчө кырдаалдарды жоюунун атайын фонду үчүн кеминде 50 млн сом өлчөмүндөгү каражат кароо;
- республиканын региондорундагы турак жай жана турак жай эмес курулуштарды, айыл чарбасына жарактуу жерлерди суу каптоого, үй жаныбарларынын өлүмүнө, жолдорду суу жеп кетишине жана ылай массаларынын басып калышына, ошондой эле зор материалдык зыян тарттырган башка терс кесепеттерге алып келген суу куурларын жана селди окчундатуучу каналдардын даяр эместигинин себептерин аныктоо боюнча иш жүргүзүү;
- кайталап текшерүү (мониторинг) жүргүзүү жана табигый кырсыктардан жабыр тарткан тургундарга мурда толук албай калган жардамды толук көлөмдө берүү;
- суу куурларынын жана селди окчундатуучу каналдардын жазгы ташкындарга даяр эместигине жол берген кызмат адамдарынын, анын ичинде Жалалабат областынын губернаторунун жана Базаркоргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын аракеттерине (аракетсиздиктерине) баа берүү;
- жабыр тарткандарга зарыл жардамдын баарын көрсөтүү боюнча токтоосуз чаралар көрүү;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги үчүн үй жаныбарларынын илдеттерин жана чегирткени жок кылуу учун кошумча акча каражаттарын жетиштүү өлчөмдө бөлүп берүү;
- табигый кырсыктардан, анын ичинде жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшүнөн жабыр тарткандарга экинчи рынокто турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгү алып салынган 2007-жылдын 6-февралындагы N 37 "Нарын жана Ысыккөл областтарынын аймагында 2006-жылдын 26-декабрында, Баткен областынын аймагында 2007-жылдын 8-январында болгон жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун 16-пунктун кайра кароо;
- 2006-2007-жылдарда республиканын табигый кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан региондорундагы калкка жардам көрсөтүү боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ай сайын маалымдоо тапшырылсын.
4. Төмөнкүлөргө:
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине Ысыккөл областындагы Жетиөгүз районунун Чоңжаргылчак айылында мектеп куруу:
- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине Жалалабат областындагы Аксы районунун Карасуу айыл өкмөтүндөгү селдин натыйжасында жабыр тарткан Жеңижоктун музейин толук калыбына келтирүү үчүн акча каражаттарын жетиштүү өлчөмдө бөлүп берүү:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн өрт өчүрүүчү машиналарды жана башка атайын каражаттарды сатып алууга, ошондой эле Бишкек шаарындагы N 35 орто мектепти калыбына келтирүүгө 15 млн. сом бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өзгөчө кырдаалдар, токой чарбасы жана экология боюнча комитетине (А.С.Арстанбеков) жүктөлсүн.
Төрага | М.Султанов |