Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 14-майы № 1841-III
"Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө кодекске
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Депутаттык бирикмелердин өкүлдөрүнөн жана депутаттык бирикмелерге кирбеген депутаттардан жумушчу тобун түзүү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Бекназаров менен К.К.Ташиев тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыгуу жана эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитетине (И.А.Масалиев) тапшырылсын.
Төрага | М.Султанов |