КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 15-майы № 1844-III
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө"
(Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамын
кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.Н.Жапаров тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | М.Султанов |