Редакцияот 28.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 28-январы №4708-V

И.Ы. Жолдубаеваны Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүн 8-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасьнын Мыйзамынын 3-беренисинин l-бөлүгүнүн 25-пунктун жана 124-беренесинин 7 жана 8-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин И.Ы.Жолдубаеваны Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө сунуштамасын карап чыгып, Кыргыз Республикасьнын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Индира Ырысбаевна Жолдубаеваны Кыргыз Республикасьшын Башкы прокурорунун кызмат ордуна дайындоого макулдук берилсин.

2.  Ушул Токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А. Жээнбеков