Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-январы №4691-V
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А. Арапбаев, Ч.А. Турсунбеков, Д.Д. Бекешев, К.Ж. Рыспаев, И.И. Исаков, З.И. Бекбоев, Б.О. Шаршеев, М.Ю. Абдылдаев, Т. Мадылбеков, Б.С. Кадыров, М.А. Султанов, Э.С. Иманалиева жана Д.А. Жумабеков тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Аппаратынын экспертттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 10 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (К.С. Самаков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | А. Сасыкбаев |