КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-январы №4693-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынып ЖогоркуКенешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты А.Т. Алтыбаева тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутатынын статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.Т. Алтыбаева) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | А. Сасыкбаев |