Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 21-майы № 1855-III
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
жыйналыштарын чагылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (К.С.Молдокасымов) "Кыргызэнерго" АКсын Мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн программасынын 1-3-этаптарынын иш-чараларын ишке ашыруунун жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отчету тууралу", "Кыргызэнерго" АКсын Мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн программасынын үчүнчү этабынын 2 жана 3-пункттарына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө жана төртүнчү этабын бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө" жана "Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линиясынын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" маселелерди кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарын толук көлөмдө мамлекеттик телекөрсөтүү боюнча чагылдырууну камсыз кылсын.
Төрага | М. Султанов |