Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 24-майы № 1864-III
"Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн программасынын 1-3-этаптарынын иш-чараларын ишке ашыруунун
жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн отчету тууралуу
"Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн программасынын 1-3-этаптарынын иш-чараларын ишке ашыруунун жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отчету тууралу" маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы А.М.Иманалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт:
- электр энергетика тармагынын объекттерин мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн башталгыч стадиясында иш-чаралар шашылыш, дыкан иштелип чыкпастан жана жаңыдан түзүлгөн энергетика компанияларынын менеджерлерин тиешелүү даярдоосуз жүргүзүлгөн;
- энергетика тармагын финансылык жактан тыңытуунун программасын өз алдынча иштеп чыгууга жөндөмсүз башкаруу кадрларынын кесиптик төмөнкү деңгээли мамлекеттен ажыратылган компаниялардагы коммерциялык жоготуулардын жана дебитордук карыздардын өсүшүнүн негизги себеби болуп калган;
- отчет "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн программасынын 3-этабын ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн энергетика компанияларынын иш жүзүндөгү финансылык-экономикалык абалын талдоону камтыбайт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана энергетикалык компанияларындагы негизги акционер катары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети электр энергетика тармагынын ар кыл звенолорунун ортосунда экономикалык, финансылык өз ара мамилелердин жолго салынган механизмин түзө жана камсыз кыла алган эмес.
Жогоруда баяндалганды эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн программасынын 1-3-этаптарынын иш-чараларын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2007-жылдын сентябрына чейин Энергетика тармагын өнүктүрүүнүн жаңы комплекстүү программасын иштеп чыксын.
3. Төмөнкүлөргө:
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына коммерциялык, техникалык жоготуулардын жана дебитордук карыздардын негиздүүлүгүн текшерүү;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына "Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн программасынын 1-3-этаптарынын иш-чараларынын аткарылышынын жыйынтыгын текшерүү жана энергетика тармагында кызмат адамдары тарабынан жол берилген кыянаттык менен пайдалануулардын фактылары боюнча жазык ишин козгоо тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана Башкы прокуратурасы тапшырмалардын аткарылышынын натыйжасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2007-жылдын 1-сентябрына карата маалымдасын.
Төрага | М. Султанов |