КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 19-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-январы № 4685-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагалыгына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.А.Сакебаевди шайлоо жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 11-январындагы № 1491-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутат Сакебаев Эркин Абдышевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитеттин төрагалыгына шайлансын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 11-январындагы № 1491-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
биринчи пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча депутаттар:
Никитенко Наталья Владимировна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагалыгына;
Туманов Токтогул Туманович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагалыгына;
Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагалыгына;
Иманалиев Каныбек Капашович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагалыгына;
Нышанов Сайдулла Канболотович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагалыгына;
Осмоналиева Каныбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагалыгына;
Сакебаев Эркин Абдышевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагалыгына;
Рыспаев Кожобек Жайчибекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагалыгына;
Самаков Карганбек Садыкович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагалыгына;
Исаев Жусупали Калматович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагалыгына;
Алтыбаева Айнуру Тойчиевна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрагалыгына;
Калматов Анарбек Баратович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагалыгына;
Келдибеков Ахматбек Келдибекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагалыгына;
Бокоев Кенжебек Сатымкулович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагалыгына.".
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |