КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-январы № 4706-V
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Боромбаева Токтокан Жолуевнаны ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-белүгүнүн 7-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин l-бөлүгүнүн 24-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Боромбаева Токтокан Жолуевна ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу 2015-жылдын 22-январынан тартып ээлеген кызмат ордунан бошотулсун.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүне кирет.
Төрага | А. Жээнбеков |