Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-февралы № 4750-V
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комиттетеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529- V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529- V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- КСДП парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат Тербишалиев Данияр Өмүрзакович Сот – укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамына киргизилсин;
- КСДП парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат Скрипкина Галина Анатольевна Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин курамынан чыгарылсын жана Эл аралык иштер боюнча комитетинин курамына киргизилсин;
- КСДП парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат Ибраев Саматбек Кулукеевич Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин курамына киргизилсин;
- 4 – пунктчанын төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп эсептесин;
- 7 - пунктчанын төртүнчү жана жетинчи абзацттары күчүн жоготту деп эсептесин.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |