Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-февралы № 4752-V
"Легендарлуу" парламенттин депутаты жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер, кыргыз элинин көрүнүктүү уулу Бекмамат Осмоновду "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгарууга көрсөтүү жөнүндө
"Легендарлуу" парламенттин депутаты жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер, кыргыз элинин көрүнүктүү уулу Бекмамат Осмоновду "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгарууга көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Б.Осмонов Кыргыз айыл чарба институтун артыкчылык менен аяктагандан кийин Ош областынын Кара-Суу районундагы "Катта-Талдык селекциялык асыл тукум кой чарба заводунда зоотехник болуп өзүнүн эмгек жолун баштаган. Андан кийин Араван районунун айыл чарба башкармалыгынын башкы зоотехниги, "Чоң-Алай" совхозунун директору, Алай районунун аткаруу комитетинин төрагасы, партиянын Токтогул райондук комитетинин биринчи секретары, Жалал-Абад областтык кеңешинин төрагасы, областтын биринчи губернатору, Ош областтык мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, Ош областтык кеңештин төрагасы, Жалал-Абад жана Ош областтары боюнча токой чарба башкармалыгынын башкы директору, министрдин орун басары жана Ош областынын токой чарба башкармалыгынын директору болуп эмгектенген.
Ал бүткүл өмүрүн элге кызмат кылууга арнаган. Анын зор уюштуруучулук жана башкаруучулук таланты, жигердүү иштери көптөгөн жылдарда ээлеген жетекчилик кызмат орундарында толук көрүнгөн. Анын демилгеси жана жетекчилиги боюнча кептеген социалдык-маданий объекттер курулуп, миңдеген гектар айдоо жерлери өздөштүрүлүп, жумушчу орундар пайда болгон. Ал жетектеген мезгилде Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары социалдык-экономикалык жана маданий жактан олуттуу өнүгүүгө ээ болгон.
Ал кайталангыс жаркын инсан, атуул, чындык үчүн талыкпаган күрөшчүл, Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө зор салым кошкон мамлекеттик ишмер катары элдин эсинде кала берет.
Көз карандысыз кыргыз мамлекетинин жана Кыргыз Республикасында парламентаризмдин калыптанышында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары анын салымы зор. Ал мамлекеттин калыптанышына жана бекемделишине көмөктөшкөн бир катар мыйзамдарды демилгелеген.
Б.Осмоновдун республиканын социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө кошкон чоң салымын жана кыргыз элине сиңирген зор эмгегин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Легендарлуу" парламенттин депутаты жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер, кыргыз элинин көрүнүктүү уулу Бекмамат Осмоновду "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгарууга көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын кайрылуусу колдоого алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сунуштамасын колдоо Кыргыз Республикасынын Президентинен суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |