Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-февралы № 4771-V
"Кыргыз Республикасында 2015-жылдын жазгы талаа жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасында 2015-жылдын жазгы талаа жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- республикада жазгы талаа жумуштарын өз учурунда агротехникалык эрежелерди сактоо менен ийгиликтүү өткөрүү боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
- айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу материалдар, минералдык жер семирткичтер, химикаттар, айыл чарба техникаларынын жабдуулары, запастык бөлүктөр, ошондой эле жеткиликтүү жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды кабыл алсын жана ишке ашырсын, мында алыскы бийик тоолуу райондорго өзгөчө көңүл бурсун;
- ички чарбалык сугат түйүндөрүн, өзгөчө суу пайдалануучулардын ассоциациясынын, айыл аймактарынын жана башка чарбакер субъекттеринин карамагында турган сугат түйүндөрүн вегетациялык мезгилге карата өз учурунда жана сапаттуу даярдоону камсыз кылсын;
- сугат мезгилине карата республикадагы баардык суу насос станциялары оңдоодон өткөрсүн, сугат мезгилинде үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылсын;
- республиканын ирригациялык тутумдарын учурдагы жана капиталдык оңдоо үчүн арналган бюджеттик каражаттардын 80 пайызын биринчи кезекте каржылоону 2015-жылдын 1-кварталында камсыз кылсын;
- өсүмдүктөрдү зыянкечтерден коргоо жана фитосанитардык иш-чараларды өз мезгилинде жүргүзүү боюнча тиешелүү чараларды кабыл алсын, каржылоо маселесин өз убагында чечүү боюнча айкын чараларды карасын;
- колдо болгон бардык айыл чарба техникаларын өз учурунда сапаттуу оңдоодон өткөрүү, техникалык жактан тейлөө иштерине көңүл бурсун, бул үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөргө, жер-жерлердеги агротехникалык сервис кызматтарына көмөк көрсөтсүн;
- теплицаларды жана жамгырлатып сугаруучу, тамчылатып сугаруучу жабдууларды республикага алып келүүнү көбөйтүүнү колго алуу менен аны пайдалануунун ыкмасын, жол-жобосун үйрөтүү максатында жер-жерлерде айылдык товар өндүрүүчүлөр менен окуу-семинарларын уюштуруп өткөрсүн;
- үрөн чарбаларына жана республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө берүү үчүн сертификацияланган түшүмдүү үрөндөрдү, биринчи жана экинчи репродукцияларды республикалык мамлекеттик үрөн фондусу үчүн топтоо боюнча республиканын үрөн чарбаларында ишти уюштурсун;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн, министрликтер менен ведомстволордун жооптуу кызматкерлеринин катышуусунда 2015-жылдын 1-февралынан 1-мартына чейин республиканын баардык областтарынын борборлорунда тийиштүү областтардын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн тартуу менен "2015-жылы жазгы-талаа жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө" маселе боюнча селектордук кеңешмелерди өткөрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2015-жылдын 1-апрелине карата маалымат берсин.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетине (С.К.Нышанов) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |