Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-февралы № 4748-V
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуунун жол-жоболоруна кайтаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 24-декабрындагы № 4627-V токтому менен кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А.Ниязалиева, Ч.А.Турсунбеков, А.Т.Сулайманов, К.Ж.Рыспаев, М.И.Бакиров, Т.М.Узакбаев, А.К.Кочкорбаев, К.Б.Орозова жана С.К.Нышанов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору үчүнчү окууда кароого жылдырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети (С.К.Нышанов) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун экинчи окуунун жол-жоболоруна кайтаруу маселесин карасын.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |