КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-февралы № 4749-V
"Сөөктү көмүү жана сөөктү коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуунун жол-жоболоруна кайтаруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 2-октябрындагы № 4345-V токтому менен кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.В.Левина, Н.Н.Бадыкеева, Г.А.Скрипкина, Д.Д.Бекешев, Т.Бакир уулу жана Э.А.Кочкарова тарабынан демилгеленген "Сөөктү көмүү жана сөөктү коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору үчүнчү окууда кароого жылдырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети (Э.А.Сакебаев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун экинчи окуунун жол-жоболоруна кайтаруу маселесин карасын.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |