Редакцияот 11.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 11-февралы № 4773-V

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2013-жылга бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2013-жылга бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы М.Д.Абулгазиевдин маалыматын угуп жана "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2013-жылга бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчету тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-августундагы № 458 токтомун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2013-жылга бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:

- камсыздандыруу төгүмдөрүн жана мөөнөтү өтүп кеткен карыздарды толук көлөмдө жыйноону жакшыртууга жетишсин;

- кезектеги финансылык жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин иштеп чыгууда киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча реалдуу пландык көрсөткүчтөрдү белгилөөнү камсыз кылсын.

 

Төраганын орун басары

Т. Зулпукаров