Редакцияот 18.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 18-февралы № 4805-V

"2014-жылдын 29-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы № ТЕ 016315 швейцариялык грант (Улуттук суу ресурстарын башкаруу долбоору - 1-фаза) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 26-декабрындагы № 743 токтому) "2014-жылдын 29-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы № ТЕ 016315 швейцариялык грант (Улуттук суу ресурстарын башкаруу долбоору - 1-фаза) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

Төраганын орун басары

Т. Зулпукаров