Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 4821-V
"Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөткөндүгү үчүн төлөмдөрдөн камсыздандыруу төгүмдөрү, финансылык санкциялар жана туумдар боюнча карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Ч.Текебаев, А.А.Сасыкбаева, Г.С.Садырбаева, Т.Мадылбеков, Р.Төлөгөнов, У.К.Нуркулов, Ш.Ч.Айтматова, Ж.Р.Сапарбаев, Б.Шер, Т.Балтабаев, А.А.Досалиев, А.Маматов, С.К.Нышанов, Н.В.Никитенко, Б.О.Калмаматов тарабынан демилгеленген "Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөткөндүгү үчүн төлөмдөрдөн камсыздандыруу төгүмдөрү, финансылык санкциялар жана туумдар боюнча карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети (Э.А.Сакебаев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү жана стенограммага ылайык жыйналышта айтылган сунуштарды эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |