Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 435 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-октябры № 574
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 "Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын туруктуу жашаган жери жок жарандарын каттоого алуунун тартибин жөнгө салуу максатында, "Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 "Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жободо (мындан ары - Жобо):
4-пунктунда:
- үчүнчү абзацындагы "2004-жылдын үлгүсүндөгү, ички иштер органынын белгиленген үлгүдөгү маалымкатын алмаштыруучу (№ 9 форма)" деген сөздөр жана цифралар алып салынсын;
- жетинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
5-пунктта "ички иштер органдарынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-пунктта:
- биринчи жана экинчи абзацтарында "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Эсепке алуунун жана Калкты мамлекеттик каттоонун маалыматтар базасын түзүү, жүргүзүү, сактоо, пайдалануу үчүн маалыматтарды берүү боюнча документтердин формасы, ошондой эле аларды каттоо эсебине алуучу органдардын ортосунда жүгүртүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан белгиленет.";
7-пунктта:
- биринчи абзацындагы "Ички иштер органдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык бөлүмдөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бешинчи жана сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп эсептелсин;
9-пунктта:
- алтынчы абзацындагы "(чакыруу участогуна катталгандыгы жөнүндө күбөлүк)" деген сөздөр "(аскердик каттоого коюлганы жөнүндө күбөлүк)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги текстинин жетинчи абзацындагы "Шаардык жана айылдык калктуу конуштарда, жабык аскердик шаарчаларда, ошондой эле ички иштер бөлүмдөрү бар чек ара зонасында жайгашкан же жабык администрациялык-аймактык түзүлүштөрдөгү калктуу конуштарда жарандарды каттоону тариздөө үчүн документтерди кабыл алган каттоо үчүн жооптуу каттоону эсепке алуу органдарынын кызмат адамдары" деген сөздөр "Шаардык жана айылдык калктуу конуштарда, жабык аскердик шаарчаларда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык бөлүмдөрү бар чек ара зонасында же жабык администрациялык-аймактык түзүлүштөрдө жарандардын каттоосун тариздөө үчүн документтерди кабыл алган, каттоо үчүн жооптуу кызмат адамдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Мында жараксыз паспорттор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте алмаштырылууга тийиш. Жараксыз паспортторду жок кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык бөлүмдөрү аны коштоочу кат менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жиберишет. Каттоону эсепке алуу органдары жарандарга жараксыз паспортун белгиленген тартипте алмаштырууну сунуш кылууга тийиш";
12-пунктунун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"14. Туруктуу жашаган жери жок жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органында катталышат. Туруктуу жашаган жери жок жарандарды каттоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын юридикалык дареги боюнча, адамдын ким экенин билдирүүчү документтин негизинде ишке ашырылат.
Каттоонун жыйынтыгында туруктуу жашаган жери жок жарандарга Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына тапшырыш үчүн маалымкат берилет.
Туруктуу жашаган жери жок жаранда анын ким экенин билдирүүчү документи жок болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары туруктуу жашаган жери жок жарандын айтуусу боюнча (фамилиясы, аты, атасынын аты жөнүндө) маалымат алышып, жарандын ким экенин аныктоо жана маалымкат берүү үчүн керектүү маалымат алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына, ички иштер органдарына, аскердик комиссариаттарга суроо-талап жиберишет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алышын камсыздоо максатында каттоо жана маалымкат берүү үчүн туруктуу жашаган жери жок жарандын ким экенин билдирүүчү документтерин алынган маалыматтардын негизинде калыбына келтирет.
Туруктуу жашаган жери жок жарандардын ким экенин билдирүүчү документтерин калыбына келтирүүгө, ошондой эле каттоого жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алууга байланышкан чыгымдар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына жүктөлөт.";
16-пункттун биринчи абзацындагы "матросторду" жана "ИИМ тарабынан белгиленген" деген сөздөр тиешесине жараша "солдаттарды" жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы бекиткен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"17. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын запастагы офицерлеринин катарындагы аскерге милдеттүүлөрдүн каттоого турушу жана чыгышы алардын аскердик-каттоо документтеринде тийиштүү улуттук коопсуздук органдарынын өзгөчө каттоого алуу же андан чыгаруу жөнүндө белгилери болгондо ишке ашырылат.
Алар жашаган жерин өздөрү каттоодо турган улуттук коопсуздук органдары тейлеген чектерде өзгөрткөн учурда каттоого коюу жашаган жери боюнча эсебине өзгөртүүлөр киргизилгени тууралуу улуттук коопсуздук органдарынын маалымкаты тапшырылганда ишке ашырылат.";
18-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"18. Ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарында кызматта турган жана ушул органдардын эсебинде турган жарандардын каттоосун тариздөө ошол эсепте турганы жөнүндө тийиштүү маалымкатты тапшырганда каттоо карточкаларына жана үй-квартира китептерине "аскердик кызматка мамилеси" деген графасында "ички иштер органдарынын эсебинде" же "улуттук коопсуздук органдарынын эсебинде" деген белгилерди коюу менен ишке ашырылат.";
21-пункттун бешинчи абзацында, 22-пункттун бешинчи жана он экинчи абзацтарында ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "(чакыруу участогуна каттоо жөнүндө күбөлүк)" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "(аскердик каттоого коюлганы жөнүндө күбөлүк)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
25-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Өлгөндөрдү же соттун чечими менен өлдү деп жарыялангандарды каттоо эсебинен чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык бөлүмүнө ЖААК органдарынан же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан келген баяндамалардын жана өлгөндөрдүн же өлдү деп жарыялангандардын паспортторунун негизинде ишке ашырылат. Мында баяндамалар жана паспорттор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык бөлүмүнө айына бир жолудан кем эмес жиберилип турат, андан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жок кылынат.";
26-пунктта:
- үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацындагы "ички иштер органдарынын тиешелүү подразделениелери" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык бөлүмдөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
29-пунктунун экинчи абзацындагы "ИИМдин, ИИБдин" деген сөздөр "ички иштер органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
|